www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илимпоздор тамак-ашты газга бышыруу ден соолукка өтө зыян дешти.

Окумуштуулар адамдардын ден соолукка терс таасирин тийгизген эң зыяндуу деген адаттарын атады. Бул туурасында Известия басылмасы жазды.

Биринчи орунда аз кыймыл кылып, кечке отурган адат кирери айтылды. Сааттап отура берүү ичегиде, эмчекте, өпкөдө жана эркектердин жыныстык жагында ракты пайда кылат деп жазды аталган басылма.

Эт менен сырды көп жегендик IGF-1гормондорунун көбөйүшүнө алып келери, бул жаныбарлардын организминдеги белокто көп кездешээри айтылды. Окмушуулар аталган гормон рак клеткаларын арбытат деген бүтүм чыгарган.

Андан сырткары, тамак-ашты газга бышыруу да ден соолукка өтө зыян дешти. Себеби, тамакка формальдегид деп аталган уулу зат менен газ күйгөндө углерод жана азоттун кычкылдары бөлүнүп чыгары эскертилген. Окумуштуулар булар тамекиде да бар экендигин мисалга келтирген. Демек, чылым адамдын ден соолугуна кандай терс таасир тийгизсе, көгүлтүр от күйгөндө да андан кем эмес зыян келтирери түшүнүктүү болду.

Эң кеңири жайылган жаман адат — уйкуну кандырбай жүрө берүү деп айтылды. Бул жогоркуларды бириктирип санай келгенде да, алардын өткөн зыяндуу көрүнүш болуп чыкты. Окумуштуулар уйкунун аздыгы да онкологиялык оорулардын себепкери деген тыянак чыгарган.

Булак: "Спутник"

Последние новости