www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга мамлекеттик сапары пландалып жатат. Мамлекет башчысынын сапары 23-24-август күндөрү болорун президенттик администрациядан билдиришти. Сапардын программасы, козголчу маселелер айтылган жок.

Түркмөн маалымат каражаттарынын жазганына караганда, президент Жээнбеков Түркмөнстандын “Аваз” туристтик аймагында өтө турган Аралды сактап калуу фондун негиздеген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 2015-жылы августта келген. Анда Түркмөнстан Чолпон-Ата шаарынан алты гектар жер алып дарыланып, эс алуучу беш жылдыздуу мейманкана салуу тууралуу сөз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости