www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушу тапта өлкөдө ар кыл тармактарга жетекчи болуп барып жаткан кадрларды ка-рап турган коомчулук «Эмнеге адис эместер, же таптакыр тиешеси жоктор кызматка барууда» деп бушайман. Мындай калпыстыктар бизде аз эмес. Арийне, ошол эле маалда өз ишинин майын чыгарган, анык адистер да арабызда жок эмес.

Эсеби маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков ар тараптан бышып жетилген кадр. Бүгүнкү күндө ЖКнын бакандай бир комитетин тескеп олтурат. Анан да чарбачыл инсан, буга мисалы кылып КМЮАны (Өкмөткө караштуу юридикалык акадсмияны) гүлдөтүп койгонун айтсак болот. Ал эми ошол эле окуу жайды жетектеп турганда эң мыкты делген окутуучулар курамын түзүп, аталган окуу жайды эң алдынкы абройлуу билим ордого айлантканы анын жетекчилик сапатынын күзгүсү эмеспи.

Эгер ушу тапта кай тармак болсун Канат мырзадай төгөрөгү төп шайкештиктеги жетекчилер башкарса өлкөнүн өнүгүшүнө кыйла өбөлгө болмок. Сиздей кадрлар арбын болсун, Канат мырза!

Булак: “Де- Факто”

Последние новости