www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-августта Ташкентте турак-жайдын тогузунчу кабатынан башына бетон түшкөн 55 жаштагы Дильбар Юнусова ооруканада эсине келбей көз жумду. Ал комада беш күн жаткан. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына маркумдун туугандары билдирди.

– Ага операция жасап, тамагына түтүк коюшкан. Операция оор деле болгон эмес, бирок анын организми көтөрө алган жок. Ал жума күнү саат 8де көз жумду, – деди Дильбар Юнусованын туугандарынын бири.

Дильбар Юнусованын улуу кызы Наргизанын айтымында, бетон түшкөн маалда апасынын жанында алты жашар небереси да болгон, бактыга жараша ал жабыр тарткан эмес.

Маркумдун кошуналары трагедия үчүн көп кабаттуу үйдө ремонт иштерин жасаган курулушчуларды күнөөлөшүүдө.

7-августта Кардарлардын укугун коргоо коому Дильбар Юнусованын үй-бүлөсү аларга кайрылса, жардам берилерин билдирди.

Бирок 12-августта маркумдун туугандары бир дагы мамлекеттик органга арызданып барыша электинин айтышты.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости