www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн кийин күтүүсүз окуялар болсо кандай аракеттер көрүлөрү, жоопкерчилик кимге жүктөлөрү өкмөттүк деңгээлде каралып жатат. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, күтүүсүз көрүнүштөргө байкоо жүргүзүүнүн белгиленген клиникалык протоколу иштелип чыккан. Бардык эле саламаттык сактоо мекемелеринде мындай окуяларды иликтеген атайын комиссия иштейт.

Адистин белгилешинче, өлүм менен коштолгон учурда чукул кабар берилип, медиктер тезинен чара көрүп, бардык тийиштүү документтер 24 сааттын ичинде даярдалышы керек.

«Аталган маселе учурда өкмөттө каралып жатат. Бул чоң жоопкерчилик. Аны медиктер өзү эле мойнуна ала албайт. Жоопкерчилик боюнча келишим көп суроолорго жооп болот. Ошондуктан биз бул маселени өкмөттүн деңгээлине алып чыктык. Вакцинаны чыгарган тараптын, аны алган жактардын жоопкерчилиги белгилениши зарыл. Юридикалык жактар эске алынды. Ар бир күтүүсүз окуя тыкыр текшерилиши зарыл. Эң башкысы, биз илдеттин келип чыгуу себебин билишибиз керек», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, эгер күтүүсүз жагдайлар жаралып кала турган болсо, анын баарына эпидемиологиялык иликтөөдөн кийин жооп алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости