www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Садыр Жапаровго сунуш, УКМКнын чек ара маселесине кийлигишкени туура эмес", - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“УКМК Куралдуу Күчтөрдүн курамына тынчтык жана согуш учурунда дагы кирбегендиктен, Чек арада маал-маалы менен пайда болгон “конфликтерде” Куралдуу күчтөрдүн ресурстарын, тик учактарды, авто, брондолгон техникаларды, аскер бөлүктөрүн жардамга ыкчам берүү мүмкүнчүлүктөр дагы чектелип, чек араны бирдиктүү коргоо жана оперативдүү чара көрүү мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Жогорудагы маанилүү проблемаларды жоюу менен чек ара коопсуздугун сактоо жана аскер түзүмдөрдү эффективдүү колдонуу максатындагы сунуш Алмазбек Атамбаев тарабынан колдоого алынып, чек ара кызматы УКМКанын курамынан чыгарылган. Тилеке каршы, депутаттык мөөнөтүм бүтүп, кайра парламентке келбей калгандан кийин, чукулунан А.Атамбаев, жакшы нукта кетип жаткан реформаны, 180 градуска буруп, жаңыдан түзүлгөн эки аскер органдарынын жетекчилеринин түшүнбөстүктөрүнүн жана жеке кызыкчылыктарынын кесепетинен (Коргоо министрлери Омуралиев, Кудайбердиев - Генштаб башчысы Алымкожоев) Коргоо Министрликтин статусун Генералдык Штабдан төмөндөтүп, анысы аз келгенсип, Министрликти, Комитеттин деңгээлине түшүрүп, өзүнүн указы менен Өкмөттүн мүчөсүн-Коргоо министрин (Комитеттин төрагасын) Генштабдын жетекчисинин сунушу менен дайындай турган кылып, Министрликти (Комитети) Генштабдын алдына салып, Конституциянын жана мыйзамдардын талаптарын бузуп, самолеттун бир канатын ылдый түшүрүп, экинчи канатын өйдө көтөрүп самолеттун туруктуу учуу балансын бузгандай кылып койду. А.Атамбаевдин катачылыгын оңдогондун ордуна Сооронбай Жээнбеков биринчи ички аскерлерди кайра ИИМге кошуп, экинчи, Садыр Жапаров, Коргоо министрлигин мурунку калыбына келтирип, Чек ара кызматын кайра УКМКнын короосуна киргизип берди. Булардын чечимдери бир жагынан туура болгону менен экинчи жагынан реформанын концепсиясын жана кабыл алынган мыйзамдардын кээ бир талаптарын бузуу менен 2012-жылкы калыбыбызга кайрадан алып келди. Ошондуктан УКМКнын чек ара маселесине кийлигишкени туура эмес Коррупциялык тобокелчилике жол ачты, реформаны толугу менен артка кайрыды”, - дейт генерал-лейтенант.
Булак: NazarNews.kg