www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлө турчу жайлар

Коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медициналык кызматкерлерди окутуу башталды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, вакцина алгач Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жүргүзүлөт.

Бишкекте 4 үй-бүлөлүк медицина бириктирилген борборунда жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан COVID-19га каршы SinoPfarm вакцинасынын 150 миң дозасы келген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости