www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ислам Каримов аксакал Аксыдагы Уңгар-Тоону эбак эле басып алмак”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Жалал-Абад облсунун Аксы районундагы Уңгар-Тоо Өзбекстандын жери болгондо Ислам Каримов аксакал эбак эле басып алмак.  1990-жылдардын башында эле алып коймок. Кийин алар карап, эмнесин алсак деген план менен акырын биздин Уңгар-Тоого асылып баштады. Андан кийин Ала-Букадагы Кавасайдын 19 миң гектар жерди Токон Мамытов вице-премьер-министр болуп турганда чек арасынын жетекчисине кол койдуртуп беришкен. Биз депутат болуп турганда бул маселени жыйында көтөрүп чыкканда “жок мындай эмес” дешкен.  Мына ушуга окшогон туура эмес саясаттын негизинде көп катачылыктар кетти. Мыйзамдарды жакшы билбегендиктен, дипломатиялык негизде жакшы сүйлөшө албагандыктан ушундай чоң каталар кетип, чек ара маселеси бүгүнкүдөй абалга келди. Ошондуткан дагы айтаарым, мыйзамды кыйын билген мыкты команданы түзүш керек. Өзбекстанга жакшы пландар менен барып, баарын тынчтык жолу менен чечишип алыш керек”, - дейт саясий ишмер.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости