www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмдөөдөн кийин тромбоз пайда болушу мүмкүнбү?

Улуттук онкология жана гематология борборунун гематология бөлүмүнүн башчысы Ормонбек Жакыпбаев брифинг учурунда эмдөөдөн кийин тромбоздун пайда болуу коркунучу тууралуу айтып берди.

Ал эл аралык тажрыйбага таянуу менен, эмдөөдөн кийин айрым адамдарда терс көрүнүштөр пайда болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

«Антителолор тромбоцит клеткаларынын кабыкчаларындагы белокторго чырмалышып, кандын коюлануусуна алып келет, бирок ага карабастан эмдөөнүн организмге тийгизген пайдасы жогору турат», - деди дарыгер.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө SARS-CoV-2 вирусуна каршы спецификалык антивирустук дары дүйнө жүзүндө жок болгондуктан, COVID-19 оорусунан коргоонунун жападан жалгыз чарасы калкты эмдөө болуп эсептелет.

«Азыркы күндө АКШ, Улуу Британия, Германия, Израиль сыяктуу өнүккөн мамлекеттердин калкынын 70%дан ашыгы эмдөөдөн өтүштү, бул коллективдүү иммунитеттин пайда болушун негиздейт», - деп жыйынтыктады Ормонбек Жакыпбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости