www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдердин ракеталары жекшемби күнү таңга маал Кандагар аэропортунун комплексине тийип, учуп-конуу тилкесин бир аз зыянга учураткандыктан рейстер токтотулган.

Кандагарлык эл өкүлү жекшемби күнү маалымат каражаттарына билдиргендей, шаар Талибанга карап калуу коркунучунда турат жана миңдеген адамдар турак-жайын таштай качышып, гуманитардык кырсыктын бир учу көрүнүп калды.

Гул Ахмад Каминдин айтымында, абал саат сайын начарлоодо жана бул соңку 20 жылда шаар ичиндеги эң катаал салгылашуулардын бири болгон.

“Талибан азыр Кандагарды эң негизи жер катары көрүп, өздөрүнүн убактылуу борборуна айлантып алууну көздөөдө. Эгерде бул шаарды каратып ала турган болсо, анда аймактагы башка беш же алты провинция дагы колдон чыгып калат”, - дейт Камин.

Анын айтымында, Талибдер шаардын ар кайсы тарабында болгондуктан жана биротоло элге аралашып кетсе, жай тургундардын көптүгүнөн улам мамлекеттик күчтөр аларга каршы оор аскердик куралдарды колдоно алышпай калышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости