www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмдөөгө чейин жана кийин антителону текшерүү керекпи?

Вакцина сайдырганга чейин жана андан кийин эмнеге антителону текшерүүнүн кажети жок экенин Вирус инфекцияларына каршы күрөшүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов брифингде жооп берди.

Ал билдиргендей, эмдөөгө чейин антителонун деңгээлин билүү милдеттүү эмес, анткени көп жерде текшерүүгө лабораториялар жок.

"Эгерде антитело жок болсо, эмдөөдөн кийин вируска каршы иммунитет көтөрүлөт. Ал эми антитело бар болгон учурда вакцинадан кийин анын саны вируска каршы дагы көбөйөт. Ошондой эле вакцинадан кийин антителону текшербей деле койсо болот. Себеби ар бир адамда иммунитет ар кандай иштелип чыгат", — деген адис.

Ошондой эле лабораториялык текшерүүдө бардыгында эле антителонун жыйынтыгы чыкпай калышы мүмкүндүгүн айткан.

"Лабораториялык текшерүүдө кээ бир адамдарда антитело бар болсо, кай биринде жок болушу мүмкүн. Бул тест-системадан көз каранды. Эгерде S белоктун негизинде жасалган вакцина болсо, анда N белокко антителону аныктай турган тест-система S белокко каршы иштелип чыккан антителону көрө албайт", — деген вирусолог.

Мындан сырткары, ал эл арасындагы эмдөөдөн кийин адамдар ооруп калышы мүмкүн деген суроого жооп берген.

"Эмдөө — ооруну чакырбайт. Себеби вакцина авируленттүү, өлтүрүлгөн вирустардан же анын бөлүктөрүнөн турат. Вакцина антитело иштелип чыккандан кийин ооруга бөгөт коёт. Эгерде адам вирус жуктуруп алып, симптомдору пайда болгончо вакцина алса, анда ал ооруп калышы мүмкүн. Бирок муну эмдөөдөн улам деп айтууга болбойт", — деген Нурматов.

Өлкөдө буга чейин Россиянын "Спутник V" жана Кытайдын Sinopharm вакциналары сайылып келген. Жакында эле Азербайжан Кыргызстанга гумжардам катары AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын (20 миң адамга жетет) берип, аны менен да эмдөө башталды.

AstraZeneca Оксфорд университети менен кызматташуу аркылуу шведдик-британдык фармацевтикалык компания тарабынан жасалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости