www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Памирдеги кыргыздарды камкордукка алышыбыз керек”, деди бүгүн, 28-июлда NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

 --“Биз Памирдеги кыргыз туугандарыбызды ошол жактан эле камкордукка алышыбыз керек. Кантсе дагы биздин бир туугандар. Алар улуу тоолорду мекендеп, топоздун сүтүн ичип, суукка көнгөн адамдар. Аларды бизге алып келген менен өздөрүнүн мурдагы жашоосундай болбойт, же окшошпойт.

Ошондуктан Памирдеги кыргыздарга баарына болбосо дагы азыраагына жыгач менен үй салып, жайгаштырып коюп, бир чекеден бүтүрүп бериш керек. Анан чакан мектеп салып, адегенде башталгыч класстарын ачып, балдарды окутуш керек. Качанкыга чейин алар караңгы болуп жүрө беришет? Сабаттуулугун жоюп, жашоосун жакшыртканга аракет жасоо абзел.

Ошону менен катар кичирээк оорукана куруп, бул жактан барып иштей турган даарыгерлер көп, ошолорду кезек менен жиберсек болот. Алардын ден-соолугун көзөмөлдөш керек. Болбосо алар суукта, сызда жүрүп, балдары ар кандай ооруга кабылып, аялдар төрөттөн көп көз жумат дейт.

Андыктан булардын келечегине кам көрүп, ал жактагы улуу кыргыз элин сактап калууга далаалат кылалы.

Оогастандагы бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, тиешелүу документ алып берип, жаңы жашоого аралаштырыш керек”, - дейт Ашыралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости