www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Чүй облусунда аталар балдарын жалгыз тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө барды. Бул жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында өттү.
Иш-чаранын максаты — балдарды жалгыз тарбиялоо сыяктуу татаал жана жоопкерчиликтүү милдетти мойнуна алган аталарга урмат көрсөтүп, колдоо билдирүү болду.
Министр эки үй-бүлө менен жолугуп, белектерди тапшырды.
Биринчи үй-бүлө — жети баланы жалгыз тарбиялап жаткан көп балалуу ата Чыңгыз К. үй-бүлөсү. Кыйынчылыктарга карабастан, ал балдарын мээрим жана камкордук менен курчап, аларга татыктуу тарбия жана билим берүүгө аракет кылууда.
Экинчи үй-бүлөдө Хасанбай ата төрт баланы тарбиялап келет, алардын бири майыптыгы бар бала. Ал күн сайын көптөгөн сыноолорду жеңип, чоң жоопкерчилик жана бекем эрк менен балдарына кам көрүп, алар үчүн жылуу, сүйүүгө жана колдоого толгон үй-бүлөлүк чөйрөнү түзүп келет.
Сапардын жүрүшүндө министр балдарга мектеп парталарын, кир жуугуч машиналарды, азык-түлүк пакеттерин жана күнүмдүк жашоого керектүү буюмдарды тапшырды.
Үй-бүлөлөргө кайрылып жатып Канат Сагынбаев төмөнкүлөрдү белгиледи:
«Ата — бул таяныч, күчтүн, жоопкерчиликтин жана турмуштук акылмандыктын үлгүсү. Эркек киши балдарды жалгыз тарбиялоону мойнуна алганда, бул чоң кайраттуулукту, сабырдуулукту жана сүйүүнү талап кылат. Бүгүн биз чыныгы баатырларды — кыйынчылыктарга карабастан балдары бактылуу, билимдүү жана келечекке ишенимдүү болуп чоңоюшу үчүн бардык күчүн жумшап жаткан аталарды көрүп жатабыз. Мамлекет мындан ары да үй-бүлөнү бекемдөөгө багытталган саясатты жүргүзүп жана өнүктүрүп келет, анткени бекем үй-бүлөдөгү балдардын бакубат жашоосу — күчтүү коомдун негизи».
Министр коомдо аталардын ролуна көңүл буруу мамлекеттик социалдык саясаттын маанилүү бөлүгүнө айланып бара жатканын белгиледи.
Аталар күнүн майрамдоонун алкагында министрликтин бардык аймактык башкармалыктары майрамдык иш-чараларды өткөрүшүүдө: ар кандай концерттер жана көчмө жолугушуулар уюштурулуп, алардын жүрүшүндө аталарга урмат көрсөтүлүп, куттуктоолор айтылууда.