www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2024-жылга карата бюджеттин аткарылышына аудит жүргүздү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпысынан 36 млн 560,3 миң сом өлчөмүндө каржылык тартип бузуулар жана кемчиликтер катталган. Анын ичинен 11 млн 225,4 миң сому – бухгалтердик эсепти жүргүзүүдөгү каталар, калган бөлүгү – негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу жана материалдык баалуулуктарды баланска чыгарбоо фактылары болгон.

Аудит учурунда мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө жана төлөө тартибинде мыйзам талаптары толук сакталбаганы, ошондой эле бюджеттик каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу учурлары белгиленди.

Текшерүү учурунда көрүлгөн ыкчам чаралардын негизинде 2 млн 12,4 миң сом калыбына келтирилди.

Эсептөө палатасы министрликке аныкталган кемчиликтерди жоюу, финансылык тартипти чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштарды берди.

Последние новости