www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Талас облусундагы иш сапарын Манас районунда улантып, социалдык-маданий жайлардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Алгач Төрага Талас айылындагы №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты менен таанышты. Алсак, аталган медициналык жайдын имараты 1967-жылы курулуп, ишке берилген. Андан бери эскилиги жетип, имарат тиешелүү талаптарга жооп бербей калган. Андыктан, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу Марлен Маматалиевден жаңы имарат курууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеген Төрага: «Өзүңүздөр жакшы билгендей, соңку жылдары өлкөдөгү социалдык мекемелерди жаңылоого өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы мектептер, жаңы ооруканалар курулууда. Себеби, биз калктын саламаттыгына кам көрүп, келечек ээлеринин билимин арттырууга басым жасаганда гана өнүккөн мамлекетти кура алабыз. Андыктан, бул медициналык жайды да жаңыртуу ишин өз көзөмөлүбүзгө алып, көмөк көрсөтөбүз», – деди.

Ошону менен катар түзүлгөн шарттын начардыгына карабай иштеп жаткан ак халатчан адистерге ыраазычылык билдирген Марлен Маматалиев тиш дарылоо бөлмөсүндөгү эски жабдууларды өзүнүн резервдик фондунан жаңыртып берерин убада кылды.

Последние новости