www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сулайман Мыкыев мыкты Аппарат Жетекчиси болду

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин ишмердүүлүгүнө комплекстүү баа берүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы чыгарылды.

Аталган демилге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Тиешелүү Жарлык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан кабыл алынган 2023-жылдын 2-февралындагы №17 Жарлык менен бекитилген 2023–2025-жылдарга кадрларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясына ылайык кабыл алынган.

Документке ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча ишин баалоо методикасы бекитилип, ал 2025-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген.

Ошондой эле мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү, ошондой эле Инфоком мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ишти баалоонун маалыматтык системасын иштеп чыгуу милдеттери жүктөлгөн.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы жалпы 86 аппарат жетекчинин ишине баа берүү пландалган. Алардын ичинен 64 аппарат жетекчи баалоодон өткөн. Ал эми 22 жетекчи кызмат ордунда алты айдан аз иштегендигине байланыштуу баалоо процессине киргизилген эмес.

Жыйынтыгында 44 аппарат жетекчинин иши “жакшы” деп бааланып, эң алдыңкы орунду Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын Жетекчиси Сулайман Мыкыев алган.

Ал эми 19 жетекчиге “канааттандырарлык” деген баа берилген. Бир аппарат жетекчинин ишмердүүлүгү “канааттандырарлык эмес” деп табылган.

Последние новости