www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эненин орду жашоодо эч нерсеге алмашкыс экенин далай ак таїдай акындар, кеменгер инсандар, атактуу жазуучулар айтып келишкен. Азыр деле бир күндө жүз ирет энени даңктасак  аздык кылат. Анткени эненин мээримине, камкордугуна алынган балдар гана татыктуу инсанга айланышып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөп эмгегин арнап келерин билебиз. Айтор, эненин  ак сүтүн актоого ар бирибиз ак эткенден так этебиз.

Ошентсе да атанын эмгеги негедир анчалык бааланбай калганын неге айтууга болбосун? Толгон-токой ордендердин, медалдардын арасында “Баатыр ата” же “Камкор эркек” дегенди уктук беле? Жок. Андай наам алмак тургай кєп учурда жемени гана угуп  чыдап жашап келатабыз.  Кийинки кезде  биздин шымды,тумакты, кесибибизди тартып алган ургаачылар талаалап кетишкенине  дердейип калышты мурундарын асманга кайкалатып. Үйдөгү балдар да аталарга анчалык үзүлүп түшпөй, барктабай калганы чоң маселеге айланды. Баардык маанилүү ишти энеси чечип жатса бизге болгон мамиле салкындамак турсун сууктап кетет турбайбы. Эмнеси болсо да бийликти энелерге берип таштаганыбызга арданганыбыз менен иш жүзүндө ошондой болуп жатпайбы, караан калгырдыкы!

Акыркы мезгилде айрым алабарман аялдар эки, үч күйөөгө тийген мыйзамды депутаттар карап берсин деп шаштырып калышканы ого бетер эркектердин жүрөгүн шуу түшүрдү. Эгерде парламентте аялдар эркектерден арбын болсо шорубуз шорподой кайнамак экен. Дагы жакшы бешинчи чакырылыштын муштум менен  башкаларды коркуткан ургаачы депутатарына мандат бул ирет тийбей калыптыр. Болбосо ишибиз чырмалышып, татаалдашып кетмек.Ал эми тєрт катын алмакчымын деген байлар жанын араї багып жүргөн эркектердин маселеси менен чатагы канча? Ар ким өз арбайын согот деген ушул эмеспи?  Олигархтар акчасына маашырланып сулуу кыздарды чарк айландырып, ширесин сорушат. Бир катынды түзүк багалбай калган кембагалдар байларга балээни теңелеби? Ошолордун отунун жарып, малын багып оокатын кылып жүргөндөр курсагынын тойгонуна куштар. Буларга эки катын алуу боюнча кеп кылсаң дыргаяктап качып кетери бышык. Мындай нерсе түшүнө да кирбейт.

Өткөндө Карамушкина аттуу депутат маржа аталарды өтө эле паска тебе бербейли. Андан көрө татыктууларын көтөрмөлөп “Эмгек сиңирген ата” наамын ойлонсок кантет деген орчундуу кепти айтты. Чамасы бул эл өкүлү эркектин кадырын эми биле баштагандай. Ошону  угуп тимеле көзүмө жаш тегерене түштү. Тимеле мага карап туруп айткандай толкундандым. Ооба, андай наамга тете болгон аталар миңдеп саналат. Жок дегенде кээ бир чыдамдуу, мээримдүү, ийкемдүү аталарды кадырлап төшүно медал тагып коюшса биз деле көйнөгүбүзгө батпай калат элек го?  Ыракмат, Иринадай корөгөч депутаттар көбөйсө эркектердин багы ачылары турган иш. А чынында эмнеге теңчилик биздин турмушта сакталбайт. Гендердик маселе аялдарга эле тиешелүүбү? Же сөзсүз эле согуш болгондо эрдик кылып эмгегибиз бааланышы зарылбы? Кой, андайдын бетин ары кылсын. Апрелчимин дегендердин деле аялдардан жогору єткєнїн кєрє элекпиз. Жай турмушта деле далай эркектер аялдардын ыгы менен болуп, айтканын аткарып, жагалданып оокатын жасаганы жалганбы?  Демек, биз деле наамга татыктуубуз. Биз жок болсок аялдар кимге чокчоїдоп, кимден бала төрөйт? Ушуну билип, көп эле эркектерди таманыңарга төшөй бербегиле. Бизди деле барктап-баалагандар өзүңөрдүн эле ичиңерден табылат...               

 Ж.Сулайманов

Булак: “Ачык сөз”

Последние новости