www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык боксчу Флойд Мейвезер эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегор менен ушул жылдын 26-августунда Лас-Вегаста беттешет. Беттеш бокстун эрежелери менен өтөт. Бул тууралуу боксчу өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады. Мейвезер спорттук карьерасын 2015-жылы токтоткон. Ал жалпы 49 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишүү менен рекорд койгон. Буга катар ал 5 салмак категориясында чемпиондукту камсыздаган. Эми ал Конор Макгрегор менен беттешүү үчүн карьерасын кайрадан жандантат. Макгрегор буга чейин бокс боюнча бир дагы беттеш өткөргөн эмес. Ал эрежесиз урушта 24 беттештин 21ин жеңип, үчөөндө жеңилген. Ал UFC уюмунда эки салмак категориясында чемпион аталган жалгыз мушкер.

Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

Последние новости