www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда аткаминерлер мындан ары кандидаттык жана докторлук диссертацияларын өлкө президентинин уруксаты менен гана жактай алышат.

Президенттин алдындагы Жогорку аттестациялык комиссия тиешелүү директиваны жогорку окуу жайлардын алдындагы Окумуштуулар кеңештери менен Диссертациялык кеңештерге жөнөттү.

Документте мындан ары мамлекеттик кызматтарда иштеген аткаминерлердин диссертациялары өлкө башчынын макулдугу менен гана каралып, жактоого сунуштала турганы жазылган.

2018-жылы жазында Орусиянын «Диссернет» порталы Тажикстандагы аткаминерлердин, ишкана жетекчилеринин жана педагогдордун илимий эмгектерине анализ жүргүзүп, 40 кишини плагиаттыкка айыптаган. Алардын арасында президенттин кадрлар маселеси боюнча жардамчысы Асадулло Рахмон, биринчи вице-премьер-министр Давлатали Саид, Хатлон облусунун башчысы Давлатшо Гулмахмадов жана президентке караштуу Билим берүү тармагын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин директору Шохин Саидов да болгон.

2014-жылы Тажикстан президентинин алдында Жогорку аттестациялык комиссия түзүлгөн. Мындан тышкары өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен илимий мекемелеринде 56 диссертациялык жана 15 эксперттик кеңеш иштейт. Ошол эле маалда тажикстандык диссертанттарга көпчүлүк багыттар боюнча окумуштуу даражалары Орусиянын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости