www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков калпакты герб, гимн, туу сыяктуу мамлекеттик символдорго теңөө боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.
Мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөгү иш сапарларында президент, премьер-министр, спикер жана башка делегация мүчөлөрү ак калпакты чечпей кийишин милдеттендирүүсү каралган. Мындай милдеттенме эл аралык мелдештерге катышкан спортчуларга да тийиштүү болот. Демилгечилер мыйзамдын максаты кыргыздын улуттук баш кийимин кастарлоо экенин айтып жатышат.
Буга чейин "Бишкек парк" аттуу соода борборлорунун биринде өткөн иш-чарада итке калпак кийгизилгени кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жараткан. Ушундан улам, айрым депутаттар иш-чаранын уюштуруучуларын жазага тартып, ак калпакты сактоого үндөшкөн.
Булак: NazarNews.kg