www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир аял ойнош тууралуу билиши керек.

Дароо эле түшүндүрө кетейин: жубайы бар киши менен сүйүү мамилесин курган адамды актоого болбойт. Бирок, андай окуя менин да башымдан өткөн.

Акыр аягы ойнош болгон аялдар өзүбүздүн эле курбуларыбыз, сиңдилерибиз, эжелерибиз, кыздарыбыз, апаларыбыз, бөлөктөрдүн аялдары жана коңшу аялдар. Бул аялдардын баары биздин коомдон. Ошондуктан, ар бир аял күйөөсүнүн ойношу тууралуу биле турган жагдайлар да бар. Бүгүн алар тууралуу айтып берүүнү чечтим.

1. Көпчүлүк учурда ал өзүн күнөөлүү сезет.

Эгер аял анын сүйүктүүсүнүн үй-бүлөсү бар экенин билсе, болгон эмоциянын баарын баштан өткөрөт: кайгырат, депрессияга кабылат жана өзүн күнөөлүү сезет. Өзгөчө, эгер балдары бар болсо. Сүйүктүүсү үй-бүлөсүн таштап коюп, дем алыш күндөрү ага келген кезде, өзүн күнөөлүү сезет. Башкалар жолдоштору көзүнө чөп салып жүргөнү тууралуу сөз кыла баштаган кезде да өзүн күнөөлүү сезе берет. Ойноштор тууралуу тасма көрсө дагы өзүн күнөөлүү сезе берет. Күнөө – бул арбак сыяктуу, аны ар дайым аялы бар эркек менен болгон учурда, андан кийин деле ээрчип жүрөт.

Анан калса көпчүлүк аялдар сүйүктүүсүнүн жубайы бар экенин билишпейт. Эгер ал өз аялын алдап башка менен болуп жатса, ошондой эле жол менен ойношун эмнеге алдай албасын?

Эгер аял ачык социопат болбосо, ал өзүн мүмкүн болгон чектен ашып кеттим деп күнөөлүү сезип жүрө берери турган нерсе.

2. Баарынан мурда ал ойнош болууну пландаган эмес.

Биз ар бирибиз өз кылган ишибизге жооп беребиз. Кээде кырдаал жана туура эмес чечимдер бизди туура эмес мамиле түзүүгө алып келет.

Анан калса кайсы эле аял атайын үй-бүлөсү бар эркектин ойношу болгусу келсин. Аны менен өзүнүн беделине шек келтирип, ишеничтен чыгып калып жатпайбы. Жумуштан да, үй-бүлөсүнөн да ажырап калуу коркунучу бар, себеби алардын кээ бирлери үй-бүлөлүү да болот.

Көбүнчө аялдар мамиле түзүп жаткан адамдын үй-бүлөлүк абалына кызып көрбөгөндүктөн жана эркек менен узак мамиле курууну каалабагандыктан, жөн гана ойнош болуп калганын өздөрү да билбей калат. Бирок, сүйүүсү ашып-ташып, андан баш тарта албай калат.

Кээде эркектер ойношторун аялымдан кетем, сени менен гана болом деп алдап келишет. Ал эми убакыт келген учурда аял кишиге мамилени үзүү өтө оорго турат.

3. Ал кызганат.

Ал ар дайым сүйүктүүсү өз аялына бараткан кезде кызганат. Анткен менен, ал сүйүктүүсүнүн башка жашоосу бар экенин, ошол жашоосунун бир бөлүгү боло албайт экенин жакшы түшүнөт.

Эгер анын өз үй-бүлөсү жок болсо, ал сүйүктүүсүн күтүп өткөргөн убактысында өзүн аябай жалгыз сезет, анткени ал ар дайым анын “негизги” жашоосу тууралуу ойлоно берет. Ал кызгана берет, анткени анын аялы менен болгон чыныгы мамилеси тууралуу билбейт. Эркек: “аялым менен ажырашканы калдым, мен аны менен такыр сүйүү кумарына батпайм”, - деп айтса деле кызгана берет.

Кээ бир ойноштордун аялы бар эркектерден балалуу болгон учурлары да бар. Бул чынында жыргал жашоо эмес.

Анын ичи чын эле күйөт. Анткени, сүйүктүүсүнүн аялы бар экенин баары билет, ал эми ойношу жана анын баласы бар экенин эч ким билбейт. Ойнош болгон аял дагы чыныгы мамилени, турмушту каалайт. Ал дагы аны менен сыймыктануусун, аны досторуна көрсөтүүсүн, аны сүйөм деп жар салуусун каалайт...

4. Ойноштор туура эмес жүргөн эркектерди сүйүп калат.

Тилекке каршы, сүйүү жана кумардын көзү сокур. Сүйүүдөн сокур болгон аял үй-бүлөлүү адам менен мамиле куруп алганын билбей калат. Кимдир бирөө аялга кол көтөргөн эркекти, дагы башкасы ичкичти, үчүнчүлөрү – үй-бүлөлүү эркекти сүйүп калат.

Көпчүлүк учурда ойноштукка барган аял чоң ката кетиргенин түшүнөт, мамилесин болсо ошол эркекке керек болгон үчүн гана улантып келет  

5. Ойнош алардын келечеги бар деп ишенип жүрүшү мүмкүн.

Эгер аял анын сүйүктүүсүнүн үй-бүлөсү бар экенин кийинчерээк билсе, убакыттын өтүшү менен эркек ага үй-бүлөсүндө баары начар экенин, баары өзгөрүп, бир гана аны менен болом деп сөз берип, ишендире баштайт. Эркек ойношун ишендире берет. Аял ага ишенип келет. Ошентип, жылдар өтө берет да, аял ойноштун ролуна көнүп, ал жашоосу реалдуулукка айланат. Ага өзүн күнөөлүү сезип жашоо абдан оор болот.

Ойнош болуу – бул керемет нерсе эмес. Башында үй-бүлөлүү эркек менен сүйүү мамилесин куруу кинодогудай жана кумарлуу сезилгени менен, аягы абдан чоң депрессия менен бүтөт.

Ойноштор – башка аялдар сыяктуу эле, аларды сындоонун деле кереги жок.

Булак: "kundemi.kg"

Последние новости