www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте "ичимдик ичип, кабинетинде уктап жатканы" тасмага тартылган Ноокат райондук статистикалык каттоо кызматынын башчысы Расулбек Ташов окуя боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Анын айтымында, тасма президенттик шайлоонун эртеси, 16-октябрда каршылаштары тарабынан каралоо максатында тартылган.
- Мен ал күнү шире ичкем. Ширеге каршылаштарым демидрол кошуп коюшуптур. Бул тасма мени каралоо максатында тартылган. Мен эч кандай ичимдик ичпейм. Жанымдагы милиция кызматкери эмес, карапайым эле адам болчу, - деди Ташов.
Ташов "каршылаштарым" деп райондук статкомдун мурдагы башчысы Байыш Дубанаевдин убагында иштеген өзүнүн кызматкерлерин айтып жатат.
Бүгүн Интернетке Расулбек Ташовдун кабинетинде эки адамдын коңурук тартып уктап жаткан видеосу жарыяланган. Ал тасмада уктап жаткан адамдардын жанында ичимдиктин, ширенин бөтөлкөсү көрсөтүлгөн. Айрым маалымат каражаттары Ташовдун жанында уктаган райондук милициянын башчысы экенин жазышкан. Бирок Ош облустук милициясынын басма сөз кызматкери Жанна Сатарова бул маалыматты төгүндөдү.
Булак: Азаттык