www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында энергетикалык суусундуктар менен кошо алкоголго дары кошуп ичкендер көбөйдү. Дарыгерлер бул көрүнүш балдардын ден соолугуна кооптуу экендигин эскертишет. Ал эми энергетикалык суусундуктар убактылуу күч берип, курамындагы кофеин организмди көз каранды кыларын айтышат. Энергетикалык ичимдиктерди жаштар эмнеге ичишет, анын зыяны кандай экендигине кызыгып көрдүк.

Атын атагысы келбеген каарман өспүрүм куракта. Ал дагы курбулары сыяктуу энергетикалык суусундуктун зыянын сезгенге чейин футбол ойногондо көп иччү. Барган сайын ага көз каранды боло баштаганын байкаганда изилдеп көргөн. Өспүрүмдөр эмнеге энергетикалык суусундуктарды көп ичип калды деген сурообузга төмөндөгүдөй жооп берди.

—Көбүнчө футбол ойногондо иччүбүз. Анткени энергия берет. Чуркаганда өзүңдү жеңил сезесиң. Анан көпчүлүк мен билгенден жанындагыларды көрүп кызыгып ичишет. Андан кийин ичкиң еле берет.

Бирок дарагерлер мындай ой жаңылыштык деп эскертет. Анткени, энергетикалык суусундуктар энергия бербей, тескерисинче күчтү алат. Бирок анын курамындагы кофеин ага болгон көз карандылыкты пайда кылып, аны алкоголго аралаштырып иче баштаганда бул адат ичкиликке түртөт. Республикалык наркология борборунун өспүрүм балдарга медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү борборунун жетекчиси Ирина Алымкуловабелгилегендей, ушул жылы өспүрүмдөр арасында энергетикалык суусундуктар менен кошо, алкоголдук ичимдикке дары жана башка кошулмаларды кошуп ичкендер да көбөйгөн. Бул кошулма балдардын организмине өтө кооптуу дейт.

—Айрыкча ушул жылы алкогол менен башка медициналык дарыларды кошуп, кошулмаларды даярдап ичкен балдардын саны көбөйдү. Өзгөчө 14-17 жаш аралыгындагы балдар. Ошондой эле энергетикалык суусундуктарды курамында спирт жок деп ичкендер да көп. Алар ал суусундук энергия берет деп ойлошот. Бирок андай эмес. Ал тескерисинче энергиясын тартып алат.

Балдардын жаш кезинен энергетикалык же алкоголдук ичимдикке көз карандылыгы  организмдин акырындык менен уулануусуна алып барарын дарыгерлер эскертет. Энергетикалык ичимдик менен баштаган өспүрүм, тилекке каршы, бара-бара алкоголго өтүп кетиши мүмкүн. Анткени, мында психологиялык көз карандылык менен физикалык көз карандылык жаралат. Токсиколог Нургазы Кыштообаев, анын зыяндуулугу боюнча буларды айтып берди.

—Энергетикада кофеин болгондон кийин кан тамырлардан кан көбүрөөк агып, адам өзүн энергиялуу сезе баштайт. Бирок бул убактылуу гана. Андан кийин бул көз карандылык дайыма ичүүгө мажбурлап, натыйжада өспүрүмдүн ден соолугун талкалайт.

Мындан улам адистер балдарда көз карандуулук пайда болгонго чейин ата-эне баладагы психологияны тезинен байкап, жардам берүү керек дешет. Анткени балдар алардагы психологиялык абалды байкатпаганга аракет кылышат. Ошондуктан, Республикалык наркология борборунун уюштуруу жана методика бөлүм башчысы Жылдыз Бакирова балдарга күн сайын жок деген 20 мүнөт ажыратууну сунуштайт.

-Бактылуулук үчүн 20 мүнөт балдарга ажыратууну снуштайбыз. Күн сайын балаңыздан эмне менен алек болгондугуна кызыгып көрүңүз. Балаңыз эгерде дайыма жасаган ишин токтотуп салса, тез ачууланып баштаса, уйкусу бузулса, кыжырданса демек өзгөрүү бар. Ал менен баарлашыңыз. Ага бөлгөн 20 мүнөтүңуз аны жаман адаттардан оолак болуусуна түрткү  берет.

Республикалык наркология борборунун берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда аракечтикке берилгендердин саны көбөйдү. Өткөн 2016-жылы 24 киши ичкиликке көз карандылыктын кесепетинен көз жумган. Учурда наркология борборунда 33 миң 562 киши каттоодо турат. Алардын 80% алкоголго көз каранды болгондор.

Адистер белгилешкендей, мурдагы жылдарга салыштырмалуу акыркы учурда аялдардын аракка көз карандылыгы да көп байкалган. Ал эми өспүрүмдөр тууралуу статистикалык маалыматта жок экендигин көрсөтүп турса да чыныгы турмушта өспүрүмдөр арасында да көбөйгөн.

Булак: "maralfm.kg"

Последние новости