www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта атын Сакиш деп айтсаң ким гана тааныбайт.

Куудул жана актриса Айнура Тургунбаева бүгүн, 9-январда, 50 жашка толду.Учурда Сакиш Арсен Өмүралиев атындагы жаштар театрында эмгектенет. Бир гана спектаклде эмес, кинодо да бир канча ролдорго тартылды.Алсак, "Айыл өкмөт", "Күкүк Шахра", "Курманжан датка" тасмаларында эпизоддук ролдорду аткарганы маалым.

Айнура Тургунбаева 1968-жылы 9-январда Аламүдүн районунун Арашан (мурдагы Стрельникова) айылында төрөлгөн. 11 бир туугандын алтынчысы. Тамашакөйлүк таланты атасынан кызына өткөн. Сакиш Таттыбүбү Турсунбаеванын жээни да болуп кетет экен. Айнура окуучу кезинде мектептеги маданий иш-чаралардан калчу эмес. Ошентип жүрүп эле актёрлукка кызыгып калат. Кээде бул нерсеге Таттыбүбү Турсунбаеванын да таасири тийдиби деп ойлойт. Анткени Таттыбүбү апасынын сиңдилеринен болуп кетет. Кичинекей кезинде улуу актрисанын үйгө келип кеткени элес-булас эсинде. Мектепти бүтөөрү менен Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган.

Сакишке айланып кеткенде. Бир жолу актер Марат Жантелиев менен "Кимдин баласы?" деген спектаклде аял-күйөөсүнүн ролун ойноп калат. Анда күйөөсүнүн аты Бопуш, аялынын аты Сакиш экен. Актерлор ушул ролду аябай жеткиликтүү ойногондон улам болсо керек, ошондон кийин эле экөөнүн өз аттары өчүп, Сакиш-Бопуш болуп чыга келишет. Актерлор 1987-жылы окуп жүргөндө Каракол драма театрынан таанышкан. Тандемдин түзүлгөнүнө 30 жылдан ашты.

Негизи элдер Сакиш-Бопуш атка конгон актерлорду аялы менен күйөөсү деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Марат Жантелиев үй-бүлөлүү, Асел аттуу жубайы, балдары бар. Айнура Тургунбаева болсо турумушка чыга элек. Бул тууралуу "кээде тамашалап менин күйөөгө тийбей калышыма Бопуш күнөөлүү деп калам. Албетте, андай эмес. Жаш кезде карьерага көңүл коюп жүрө берсем керек" деп айтканы бар.

 Актрисанын "өмүрүмдө чыныгы сүйүүгө кезигип көргөн эмесмин. Үмүт акыркы өлөт деп коет. Мен жүрөгү кенен, калп айтпай чын сүйлөгөн мырзаларды сыйлайм" деп айтканы бар деп жазат sputnik.kg.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости