www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ Жогорку Кеңеште пленардык сессия биринчи жолу түшкү тыныгуусу жок өттү. Мындай сунушту Тазабек Икрамов «баардыгыбыз орозо кармап атабыз, тамак ичпейбиз бары бир” деп негиздеген. Аны ойлонбой залда отурган бир канча депутатар колдоп беришти.Өздөрүнө да аябай ыраазы болушса керек., кайран кыкеңдер. “Чала молдо дин бузат” деп ушуну айткан байыркы элибиз.
Депуттардын чечими ошол ыйык орозо айында: «момун бол , жоош бол, башкага зыян келтирбе.Таза ниет кылып жаша» деген орозонун негизги маанисине каршы келип атышпайбы?
Биз мамлекетибиздин Конституциясын тим эле коёлу. Жогорку Кеңеште Орозо кармабаган депутаттарды, катышууга келген өкмөт мүчолөрүн, судьяларга кандидаттарды, аппараткызматкерлерин жана журналистерди ачка калтыргандары кандай? Исламдын кайсы мыйзамына жооп берет? Куранда ошондой барбы? “Өзүң кармасаң башкаларды ачка калтыр” дейби? Жок, урматтуу Тазабек Икрамов жана аны ээрчиген депутаттар,кармаган орозоңор кабыл болсун, бирок бизге ишенбесеңер, Чубак ажыжан сурап алгыла, чоң күнөө акетирдиңер! Чала молдо дин бузат! Силер болсо динди бузуп, мамлекетти да оңдой албай, түбүнө жеткени калдыңар окшойт.
Тайлак НАЗЫМОВ
Булак: АЗИЯньюс