www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2009-жылдагы түзүлгөн келишимге ылайык «Кумтөр» долбоорун иштеткен «Центерра» компаниясы жылдык кирешесинин 2%ын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна бөлүп тураарын жакшы билебиз. Мына ошол бөлүнгөн акчалар максаттуу пайдаланылса, анда Ысык-Көл облусу эмдигиче бир топ көйгөйлүү маселелерин толугу менен чечип алат эле. Тилекке каршы, бул фондко келип түшкөн акчалар көпчүлүк учурда максатсыз пайдаланылып, жеке адамдардын кызыкчылыгына бурулуп кетүүдө.

Мына ушул маселе боюнча «Агропромсоцкурулуш» бирикмеси жогорку бийлик өкүлдөрү аталган фонддогу коррупциялык көрүнүштөргө көңүл бөлүүгө чакырды. Ал кайрылууда «Кумтөрдөн» жылына түшкөн 500 миллион сом мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, жең ичинен "жем болуп" жатканы айтылган. Ошол эле убакта Фонддун каражатын мыйзамсыз пайдалануу жана андагы акчанын жетишпестиги боюнча козголгон кылмыш иштеринин баарына чекит коюлбай жатканы белгиленген.

Аталган фонддун төрагасынын мурдагы орун басары Бактыгүл Эмилбекова фонддон мыйзамсыз акчалар которулуп жатканын убагында облус жетекчилигине өтө көп билдиргенин айтат. Анын айтымында убагында “Шияр курулуш” аттуу компанияга 7 млн сом мыйзамсыз которулган.

“Мен өз учурунда мыйзамсыз акча которулуп жатканы тууралуу айтсам да облус жетекчилиги ага чара көргөн жок. Мыйзамсыз акча каражаты дагы эле которулуп жатты. Анан мен ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго арыз жаздым. Ал киши Башкы прокуратурадан текшерүү жиберди. Келген текшерүү тобу башында 9 миллион сом мыйзамсыз акча которулган фактыны аныктап чыкты. Анан кылмыш иши козголуп, ишти тергөө Каржы полициясына өткөрүлүп берилди. Тергөө жети айга чукул созулуп, фонддун жетекчисинин орун басарларынын бири Элебесов деген адам, анан башкы эсепчи Сапар уулу Атай гана бул иш боюнча кармалып, аларга кылмыш иши козголуп, абакка киргизилди. Ошол акчаны котортууга көрсөтмө берген Рустам Садыралиевдин жоопкерчилиги каралбай калды”, - дейт ал.

Ошол убакта фонддун төрагасы Рустам Садыралиев болгон. Бирок, ал жана “Шияр курулуш компаниясынын” жетекчиси Марс Дүйшөбаев негедир жоопкерчиликке тартылбай калган.

Ошол убактарда Ысык-Көл облусунун губернаторлугун Сапар Исаковдун досу Аскат Акибаев жетектеп турган. Ага чейин “Аврора” санаторийин менчигиндей пайдаланып байып алган А. Акибаев губернаторлук креслого отурган соң Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун акчасына көз артып калган окшойт. Андыктан бул ишти кайрадан тереңден иликтөө зарыл. Ошондо балким андан С. Исаковдун да кулагы чыгышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости