www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда элдер коомдук жайларда беткап тагынбай калышты, бул жаман натыйжага алып келет. Бул тууралуу “Биринчи радиодогу” маегинде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, Түркияга иш сапарынын алкагында министр ал жакта бардык адамдар беткапчан жүрүшкөнүн көргөн. “Дем алыш күндөрү эч ким сыртка чыкпайт, көчөлөрдө унаалар жок. Баары үйлөрүндө отурушат. Көрсө Тркияда 500 доллар айып салынат экен. Мен дагы өкмөткө коомдук жайларда беткапсыз жүргөндөргө айып салуу сунушун киргизгим келип атат”, - деди Бейшеналиев.
Ал коронавирусту бирдиктүү күч менен гана жеңе алабыз деп белгиледи.
Булак: NazarNews.kg