www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 10-февралдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев жергиликтүү кеңештерге шайлоодо «№2 Форма» менен добуш берүүнү жокко чыгаруу зарыл экенин белгиледи. Бекешев аны жокко чыгарууга багытталган мыйзам долбоору тармактык комитетте бир жылдан бери каралбай жатканын билдирди.
«Парламенттик шайлоодо «№2 форма» менен добуш берүүнү жойду. Президенттик шайлоодо да колдонгон жокпуз. Бирок, жергиликтүү шайлоолордо калды. Мен ал жөнүндө мыйзам долбоорун жазсам, Конституциялык комитетте өтпөй турат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо эки жактан шайлоочуларды ташуу башталат. Тапшырма берсеңиз, комимтеттер каралып, сунушталсын», - деди Бекешев төрагага.
Булак: NazarNews.kg