www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үй-бүлөнүн сапаты коомдун сапатын аныктайт. Үй-бүлө коомдун негизи. Коомдун кирпичи катары, башкы негизин түзгөн үй-бүлө коом менен мамлекетти түзөт. Ал үчүн бекем, нравалык жагынан оң ден соолукта жана өнүгүүгө жөндөмдүү болуш керек. Үй-бүлө болсо- коом да болот. Эгер үй-бүлө институту тарай турган болсо, коом да тарайт. Үй-бүлөнүн сапаты коомдун сапатын аныктайт. Акыркы убактарда үй-бүлөнүн бузулуш процесстери заманбап технологиялык прогресстердин өнүгүшү жана либералисттик баалуулуктардын таралышы менен байланыштуу. Батыш мамлекеттеринде үй-бүлөнүн ар кандай түрлөрү чыкты: гомосексуалдуу нике, коммуна, чыгымдарды азайтыш үчүн, бирге жашашкан бир топ адамдардын үй-бүлөсү, этникалык азчылыктын уруучулук тобу. Андан тышкары келишим боюнча нике, жарандык нике, көп сериялуу нике, үй-бүлөлүк топ, швециялык үй-бүлө ( «Швециялык үй-бүлө» - Швецияда жыпжылаңачтанып алышып, аял-эркектер топтошуп үй-бүлө куруунун жаңы түрүн алып чыгышкан. Мындай эротикалуу үй-бүлө курууну Батыштын өзү катуу сынга алган). Батышта бир жыныстагы адамдардын нике курушу өзгөчө кеңири тарап жатат. Эркек менен эркектин, аял менен аялдын никеси жашырылбай ачык легалдаштырылып жатышы жана жогоруда айтылган никелердин көбөйүшү, Табият берген мыйзамдарга каршы багытталып, жыныстарга тиешелүү функциялардын таш-талканын чыгарып жатат. Эркек жаратылыш тартуулаган өзүнө таандык: таап келүүчү жана коргочулук милдеттен ажырап жатса, аялзаты- очоктун сактоочусу жана тукум улоочу касиетинен ажырап бара жатат. Бир жыныстагы адамдардын нике курушу –жамандыктын башаты, ал коомдун, мамлекеттин жана жалпы эле адамзаттын негизин жок кылат. Эгер үй-бүлөнүн кирпичи начар, сапатсыз, формасы жок тегиз болбосо, потенциясы жок болсо, анда коом да формасы жок, туруксуз, бузулган коомго айланат.
Адаттагы үй-бүлө –эки жыныстагы эркек менен аялзатынын махабат менен ширелишкен биримдиги, бири-бирине болгон урматтоо сезими жана бири –бирине болгон жоопкерчилиги, ошондон улам жарык дүйнөгө тукум улоо үчүн ымыркай пайда болот. Бул биримдик Табият мыйзамдарына баш ийип, төрөлүү процесстери, Жаратылыш жана коомдун өнүгүшү үчүн жаңы негиздерди камтыйт. Коомдун ырыс-кешиктүү биримдиги түздөн-түз үй-бүлөнүн биримдигине көз каранды, жөн эле ар кандай үй-бүлөнүн эмес, эркек менен аялдын никесине ширелишкен адаттагы үй-бүлөгө.
Р.S
Батышты туурайбыз дешкен батышчылдар Кыргызстанда жок эмес. Кыргызстанда мезгил-мезгили менен Равшан Жээнбеков сыяктуу саясатчылар колдоп жатышкан маскара нике куруулар үгүттөлгөнү менен биздин өзөгүбүздү адаттагы эркек менен аялдан турган нике түзүп турганы кубандырат.
Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg