www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чечим кабыл алчу күчтүүлөрдүн, жетекчилердин өздөрүндө ак-караны ылгап, кара кылды как жарган калыстык, сын көз караш, сереп салчу терең ой жүгүртүү болушу абзел», - деди бүгүн, 10-февралда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Азат Эркебаев
- Президент Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиевди коомчулуктун сын-пикирин эске алып, кызматынан кетирди. Өлкө башчысынын соцтармактагы пикирлерди эске алганы туурабы?
- Негизи элдин үнүн угуп, коомчулуктун сын-пикири менен эсептешкен мамлекет башчысына жакшы жагынан баа берсе болот. Бул анын коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн, процесстерден кабары бар экенин, көз жаздымда калтырбаганын, айгинелейт. Бул да болсо бизде көп пикирдүүлүктү (плюрализм мнений) камтый алган ачык коом түзүлгөндүн, демократия бар экендин бир белгиси. Баса белгилей кетчүсү, бул окуя көнүмүш болгон маалымдоо каражаттарга (басылма гезиттер) караганда, Кыргызстанда соцтармактардын тез өнүгүп, өзгөчө күчкө ээ болуп, чоң саясатка таасир бере алчу факторго айланганын көрсөттү. Дагы айта кетчү жагдай, мэрге талапкер көрсөтүүдө жана туура тандоо үчүн президентке жетиштүү, объективдүү маалыматты жеткизбей койгондордо.
- Эми өзүн Facebookта мерликке татыктуу дегизип мактаткандарды жогору жактагылар мэр тандоодо социалдык тармактагы татыктуу деген пикирлерди эске алышы керекпи?
- Бул нерсе соцтармактардын таасири күч алганын тастыктайт. Бирок чыгып жаткан маалыматтардын кайсынысы чындыкка коошпогон, массанын оюн буруу үчүн жеңил пиар амалдары, ошол сиз айткан өздөрүн көрсөткөндөрдүн куру дымагынан башка кандай жөндөмдөрү, адистиги, кесипкөйлүгү бар экенин аныктап алуу керек. Чечим кабыл алчу күчтүүлөрдүн, жетекчилердин өздөрүндө ак-караны ылгап, кара кылды как жарган калыстык, сын көз караш, сереп салчу терең ой жүгүртүү болушу абзел. Мындан тышкары аткошчулары, кеңеш берчүлөрү да чын дилден кызмат кылып, туура маалымат берип, кадр тандоодо же негизи эле маанилүү суроолор боюнча ишти оң жагына чечүүгө, туура багыт берүүнү максат кылышы керек.
Булак: NazarNews.kg