www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мындан кийин Бишкек мэрлигине татыктуу иштей турган таза кадр келиши керек», - деди бүгүн, 10-февралда NazarNews маалымат агенттигине көз карандысыз эксперт Тилек уулу Мыктыбек.

- Президент Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиевди коомчулуктун сын-пикирин эске алып, кызматынан кетирди. Өлкө башчысынын соцтармактагы пикирлерди эске алганы туурабы?

- Президенттин бул чечими туура чечим болду. Мен муну жогору жакка элдин үнү жете баштагандыгы деп эсептейм. Буга чейинки мэрлердин дайындоосу канча сын пикир жаратса да, ошол боюнча эле калчу, аны баарыбыз билебиз.

Мындан кийин Бишкек мэрлигине татыктуу иштей турган таза кадр келиши керек! Анткени, мэрлик кызмат өтө жоопкерчиликтүү кызмат. Мындан кийин да элдин үнү өкмөткө жетип турат деп ишенем.

- Эмки мэр да фейзбуктагы отдел кадрлар көрсөткөн адамдардан шайланышы керекпи?

- Жок Facebookтагылар мактап, жактагандарды мэрлик кызматка дайындоо туура эмес. Бирок, кадр тандоодо таза, ишин билген, компетенттүү кадрларга токтолуш керек. Айтайын дегеним, мэрликке татыктуу кадр келсе, келгенинен кеткени бат болуп, бүгүнкүдөй резонанс жаралбайт эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости