www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Норвегиялык кыз COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин төшү чоңойгонун байкап, бул тууралуу социалдык тармакка билдирди. Ага ушул сыяктуу өзгөрүүлөр боло турганын дарыгерлер айтып өтүшкөн.

Ал социалдык тармактарда коронавируска каршы эмдөөнүн адаттан тыш кошумча таасири жөнүндө билдирди деп жазат NRK.

17 жаштагы Эмманын айтымында, эмделгенден кийин эки жумадан соң анын төшү кадимкидей чоңойгон.

"Мен үчүн бул төшүмдүн кичинекейлиги кандайдыр бир кризис болчу. Дайыма чоңураак бюстгалтер тагынып жүрүүмө туура келчү", - деди кыз.

Эмма TikTok социалдык тармагынан өзүнүн дене мүчөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү бөлүшкөн.

Дарыгер Генрих Бэкманндын айтымында, бул вакцинациянын табигый кесепети болушу мүмкүн. Адистин айтымында, вакцина алган аялдардын 10 пайызга жакыны колтуктагы лимфа түйүндөрүн убактылуу чоңойтуп, эмчекти “бир аз алдыга” жылдырып, эмчек өзүнүн түзүлүшүнөн чоңураак көрүнүп калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости