www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомубуз эмне болуп баратат? Эки күндүн биринде мушташ, адам өлтүрүү, бирөөнү зордуктоо болуп кетти. Эми жоокерлер дагы аскердик кызматтан кача баштады. Ооба, буга чейин эле аскерден качкандар болгон. Бирок, чек араны кесип, башка өлкөгө качып кеткендер болбосо керек.

Дегенибиз, Ошто Башкы штабдын кургактагы аскерлеринин бир жоокери качып кетти. Качканда дагы коңшу Өзбекстандын аймагына качкан. Маалыматка ылайык, Э.А № 36806 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан. Ал кызматтан баш тартып, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Кийинчерээк аны Өзбекстандын чек ара кызматы кармап, кайра кыргызстандык кесиптештерине өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости