www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Манас” эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан 40ка чамалап калган адамдын жансыз денеси табылды. Белгилүү болгондой, ал 22-октябрда аэропортту көздөй кеткен боюнча дайыны чыкпай жаткан. Эртеси анын тынчсызданган иниси укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылып, көп өтпөй инисинин жансыз денеси аэропорттун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаалардын биринин багажынан табылган. Такталбаган маалыматтар боюнча, өлтүрүлгөн адам биринчи жерден экинчи жерге акча ташуу менен алектенип келген.

Белгилей кетсек, кечээ парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев акыркы мезгилде криминал баш көтөрүп, ага укук коргоо органдары туруштук бере албай жатат деп өкмөттү, анын ичинде күч түзүмдөрүн сынга алган. Буга 9-октябрь күндөн бери дайынсыз болуп, бирок кийинчерээк киши колдуу болгон “Мадина” кафесинин ээсинин өлтүрүлүшү себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости