www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бурулайдын окуясы кыргыз элин селт эттиргени менен бийлик козголбой отурган. Качан президент ишке киришкен соң, бийлик өкүлдөрү ойгонгондой иш башташты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-июнда никеге туруу үчүн аялдардын эркине каршы алакачуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеден соң ички иликтөөлөрдүн натыйжасында милициянын 23 кызматкери жазаланды. Беш кызматкер милиция органдарынан биротоло куулду, 8 кызматкер кызматынан алынды, 7 кызматкер ээлеген кызмат ордуларына татыксыз катары табылды, калгандарына эскертүүлөр жана сөгүштөр берилди. Бул окуянын жүрүшү тууралуу ЖКнын «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошевге суроолорду узаттык.

– Бурулайдын окуясын ЖК депутаттары кандай кабыл алдыңыздар? Мындай окуялардын алдын алууга кандай аракеттер бар?

– Кыздарды алакачуу кылмышы үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, жазаны 10 жылга чейин узартып, мыйзамды катаалдандыруу зарыл. Бир катар депутаттар «Турмуш курууга жашы жетпегендердин никеге туруусуна тыюу салган» мыйзамды иштеп чыкканбыз, ал 2016-жылы кабыл алынган. Ага улай жогоруда белгилегендей, кыздарды эркинен тыш алакачууга каршы мыйзамдагы жазага тартуу мөөнөтү жөнүндө беренени катаалдантуунуда өзүм карап жаткан элем.

Он гүлүнүн бири ачыла элек Бурулайдын өлүмү баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Анын ордуна ар кимибиздин кыздарыбыз болуп калышы мүмкүн! Бирок, мен сиздердин көңүлүңүздөрдү башка нерсеге бургум келет, ушул окуяга эң биринчи кезекте коомдо эркек жарандарыбыздын моралдык жоопкерчилиги өтө чоң деп ойлойм. Качан гана өзүбүздүн аң-сезимибизге революция кылып, аялзатына болгон мамилени оңдомоюн, мындан да оор жагдайлар күтүлүигү мүмкүн. Акыркы убакта эркек кишилер жаш кыздарды зордуктоо, балдарды токмоктоо, уурдоо, өлтүрүү боюнча кызыктай тенденцияга туш келип калдык. Эркек кишилер өзүбүздү оңдоп, тээ совет мезгилине чейинки ата-бабаларыбыздын аялга, жаратьшышка, улуу-кичүүгө болгон мамилесине кайтып келишибиз керек. Биз өзүбүздүн эркектик, коргоочулук жоопкерчилигибизди көтөрсөк, коомду бактылуу эне, дени сак бала түзүп турса, келечекте улуу муун калыптанып, улут катары жаңы бийиктикке көтөрүлөбүз.

– «Эртең сенин бир тууганыңдын, кызыңдын, жакындарыңдын өмүрүнө ушул сыяктуу бир оорулуунун кол салбашына ким кепилдик бере алат? Кыргызстанда жашагандан коркуп
баштадым. Мына, биз ишенген милициянын жүзү!» деген суроолор жаралууда. Бул окуядан соң күч органдарына ишенич жоголгондой…

– Бул окуядан соң ар бир эле жаранга мындай ачуу ойлор келиши мүмкүн. Сиз айткандай, күч органдарына болгон ишенич жоголду. Бир-эки милицияны жазалап коюп көйгөйдү чече албайбыз. Күч органдарынын сырткы формасын өзгөртүп коюп реформаладык дебей, системаны ичинен рефор малабасак, милиция ушу бойдон калганы калган. Темирдей тартип, ички реформа – учур талабы.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Последние новости