www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматуу Сооронбай Шарипович Жээнбеков!

Балдар үчүн көңүл буруп коюңуз!

Кулап түшүү коркунучунда турган О.Тешебаев мектеби жана андан билим алып жаткан 300дөн ашуун окуучунун коопсуздугунан тынчсызданып сизге кайрылып жатабыз.

Баткен облусуна караштуу  Кадамжай районун Сырт айылындагы О.Тешебаев мектеби 1970-жылдары курулуп, бүгүнкү күндө жараксыз абалга келип, кулап түшүү коркунучунда турат.

Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да эскертүү берип,  билим алууга болбой турганын айтышкан. Ошентсе да башка билим алууга имарат жоктугунан балдарыбыз кайра эле кооптуу абалда турган мектепте окуп жатышат.

Аталган мектептин жаңы имаратынын курулушу болсо, 375 орундуу болуп, 2014-жылы башталып, 2015-жылга бүткөрүүнү планга киргизишкен. Тилеке каршы ардан 4 жыл өтсө да бүгүнкү күнгө чейин бүткөн эмес.

О.Тешебаев мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштерин баштан аяк бүтүрүп берүүгө тендерден жалпы сметалык баасы 27 млн. сомго  ОсОО “Халил” Алимбеков Шеракмат утуп алган.

Көрсө, Алимбеков Шеракмат өмүрү мындай курулуш иштери менен алектенген эмес экен, болгону азыркы губернатор Абиш Халмурзаевдин жердиши болуп, өз ара сүйлөшүү менен тендерден өттү кылып, сметалык баасы 27 млн. сомго Шеракматка алып берген дешет.

Булардын мындай коррупциялашкан оюндарынын, Абиш Халмурзаевдин кайдигер мамилесинен аталган мектеп 4 жылдан бери бүтпөй, курулушу токтоп калган.

Чынында бүгүнкү күндө 27 млн. сомго заманбап, 375 орундуу типтүү мектептин бүтпөй турганы, бул каражаттын жетпестиги сокурга да маалым.

Урматтуу президент Сооронбай Шарипович,  Баткен облусунун губернатору Абиш Халмурзаевдин балдардын келечеги үчүн жасаган шалаакы мамилесине жана башка  коррупциялашкан тендер оюндарына өзүңүз көз салып берсеңиз.

Сырт айлынын жашоочуларынын атынан

Булак: NazarNews.kg

Последние новости