www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башка жактарын анчейин билбеймин, а бир ак, азыркы Президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун бир өзгөчөлүгүнө көңүл кушун бөлгүм келди. Кимдер кандай кабыл алышса, албетте, алардын өз эрки.

Азыркы биздин Презитент кайда барбасын, ал жактагы өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушкан учурундагы Жээнбеков С. Ш. өзүн даана ажолук касиетке ширелген жүрүм-турумунан, эч жазбай, башын бийик көтөрүп турган турпаты менен өзгөчөлөнөт! Айрыкча, кол алышканында, кандай бир башкача сыр бар! Алдында ким кана болбосун, Сооронбай Шарипович күйпөлөктөп тизе бүгүп жүгүнбөй, жалмаңдап жойпуланып жүгүрбөй, кошоматтанып кучак жайып күйүкпөй, озунуп биринчи кол сунбайт. Болгону, даана хандарга кана таандык нарк жана барк менен кайкайып, салмактуу жана салабаттуулуктан эч тайбай күтүп турат.  Оң колун өз денесинен алыстатпай, жакын кармап, бүгүлүп-жүгүнбөй учурашат!

Дал ушунусунда, Ата Бабалардын улуу нарктуулугу, салттуулугу жатат! Мындай сапат даана кагандыкка кана тиешелүү. Демек, бул жөнжеринен эместир. Ата тегинин каны менен келген касиет, дөөттүү бийик улук дөөлөт! Анын үстүнө колдоп жолдоп жүргөн кудуреттүү Күч да болсо керек! 

Кечээ Кытайдын башчысы менен жолукканда да, салабаттуу турпатынан жазбай, колун ага карай жагынып биринчи сунбай, качан кана конокту тоскон жетекчи чукул жакындап колун сунганда, биздин ажо адатынча өз колун денесинен алыстатпай, учурашты.

Мындай сапат аркимде эле болобербейт. Биздин мурунку ажолорубуз, алдын ала жалжактап жагынып, жойпулана жуткуна жүгүрүп, атүгүл, кучак жайа жалпактап, тургандарын көргөндө, кыжырың кайнап турчу элек да - “Намыссыз наадан айбан...” – деп сөгүнүп. Ал эми... Ал эми, Сооронбай мырзанын, Акаев, Атамбаевка караганда, айырмалары асман менен жердей.

Сооронбай Ажо даана кагандык кыргыздын улук сапатын белгилеп, артында бүткүл Кыргыз калкы карап турганын сезип, өзүн кайсыл кана алп мамлекеттердин жетекчилери болбосун, алардан эч сүрдөбөй, тескерисинче, кыр сыр көрсөтүп, туруктуу Туудай турпатынан жазбай, кайкайып турганында терээң сыр бар! Аттиң арман... Аргасыздан, аттиң, дейсиң.

Атамбаев Алмазбектин башына кийген кийими кулактарын жаап жарашпай, пальтосу узун шалбырап, турган турпаты клоунга окшоп кетчү. Чачына анын жасалгасына эч качан көңүл бөлчү да эмес.

Ал эми, Владимир Путинди көргөндө, жатакалып жойпулана алдын тосуп чуркаганы, эмне деген шермендечилик эле. Туурабы, туураланбаган туугандар? Ал эми... Ал эми, Сооронбай Жээнбековдун жараша кийингени, өзгөчө чачын жарашыктуу тарап, мартабалуу баскан-турганына карата каада күтүп, ошонусуна жараша сүйлөөшүлөрдүн ийгилиги болуп жатат, четөлкөлөрдөгү сапарында. Жараткан биздин ажого бойду дагы айабай бериптир. К

ечээ Пекинде кытайдын башчысы экөөнүн бой-келбеттери топ келишип, башын бийик көтөрүп бирге басканда, аны көргөн кыргызстандыктар ичинен ыраазы болдук! Сооронбай мырза ата-тегинен берилген, Тэңизбайдан бери келген төрөлүк мүнөз, жүрүм-туруман эч жазбасын! Эл Журтуна күйүп-бышкан, кара кылды как жарган даана Элдик ажосу катары таарыхта калса, - деген улуу үмүт менен жашап жатат Кыргыз Эли!

Сапарыңар байсалдуу болуп, Ата Журтуңузга аман-эсен ийигилик менен кайтып келиңиз урматтуу Сооронбай Шарипович!

Мелис Арып-Бек 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости