www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Исаков М.А., Сурабалдиева Э.Ж. Бул тууарлуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечилеринин бири Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Бул мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери менчиктин формасына карабастан КР ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн жана иштеп жаткан бардык камсыздандыруу уюмдарына милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруу укугун берүү бөлүгүн «Атаандаштык жөнүндө», «Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө», «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын ченемдери менен ылайык келтирүү болуп саналат.
Талкууда жеке менчик 16 камсыздандыруу компаниясы бар экени такталып, камсыздандыруу компаниясын кепилдик фонду (150 миллион сом) болгондо гана ачууга болоору айтылды. Баяндамачынын айтымында, бул жеке менчик компаниялар акча каражаттарын өз алдынча которо алышпайт, атайын уруксат алып которуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Тагыраак айтканда, жеке компаниялар мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө болот.
Депутат Улукбек Ормонов камсыздандырбагандардын жоопкерчилигин дагы долбоорго киргизүү сунушун берди. Депутат Аалы Карашев мыйзам кабыл алынса, камсыздандыруу боюнча жеке менчик компаниялар алыскы райондорго барып иштейби деген суроону койду. Депутат Сайдулла Нышанов, маселен, бир жеке компания элден камсыздандырууга каражат топтоп алып, качып кетпешине кепилдик жоктугун айтып, бул маселе ыктыярдуу эле болушу керектигин айтты. Мындай пикирге Аалы Карашев дагы кошулду.
Депутат Анвар Артыков бүгүнкү күндө жеке менчик компанияларга үйлөрдү камсыздандырууга эч кандай тоскоолдук жоктугун, долбоору менен элди милдеттендирүү маселеси кирип жаткандыгын баса белгиледи. “Негизи бул элдин мойнуна кошумча салык. Андыктан аракеттеги мыйзамга түзөтүүнүн кереги жок. Бул менчик компаниялардын кызыкчылыгы”,- дейт ал.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Булак: NazarNews.kg