www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Улукбек Марипов баштаган Өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралууда.
Талкуу маалында депутат Азизбек Турсунбаев энергетика тармагы карызга батканын белгилеп, Энергетика жана өнөр жай министрлигине сунушталган Кубанычбек Турдубаевди тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга чакырды.
Ошондой эле депутат Махабат Мавлянова кыскартуулардын кесепети тийип калышы мүмкүн экендигине токтолуп: “Туризмдин Экономика жана финансы министрлигине киргизилиши туура эмес болууда”, – деди. Муну менен катар тендер маселеси да көптөгөн жемкорлукка себеп болуп жатканын айткан депутат: “Ар бир мекеме түздөн-түз сатып алса, арзан алынмак” – деп кошумчалады.
Ал эми депутат Каныбек Иманалиев мамлекеттик карыздан кутулуу, каржы булактарын көбөйтүү маселелерине байланышкан сунуштарын берсе, депутат Эмил Токтошев Өкмөттү көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жаатында иш алып барууга үндөдү.
“Экономиканы өнүктүрүүдө инвестиция тартуунун таасири чоң. Андыктан, бул жаатта алгылыктуу аракеттер көрүлүшү керек”, – деди Эмил Токтошев.
Эскерте кетсек, буга чейин Өкмөттүн жаңы курамы парламенттеги көпчүлүк коалициянын, ошондой эле Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында каралган.
Булак: NazarNews.kg