www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев жумушка эмне себептен келбей жатканы тууралуу билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
"Урматтуу мекендештер!
Акыркы күндөрү коомчулукта мен тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатканына байланыштуу өзүм маалымат берип коюуну туура көрдүм.
Ата-эне баарыбыз үчүн өтө кымбат адамдар эмеспи, учурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жана ден соолугум да кескин начарлап кеткендиктен эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына расмий кат менен кайрылгам.
Мен үчүн кабатыр болгон бардык замандаштарыма ыраазычылык билдирем!", - деп жазган Жамгырчиев.
Эске салсак, 6-декабрда Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Жогорку Сотко депутат Жамгырчиев менен өкмөттүн аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго карата жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылышкан.
Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы добуш берген депутаттардын арасында Жамгырчиев да болгон. Ал 27-ноябрда Чыңгыз Айдарбеков менен бирге кыргыз-казак чек арасынан өтүп жаткан жеринен УКМК тарабынан токтотулганы кабарланган.
Булак: NazarNews.kg