www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улутчул Ош обкомунун биринчи катчысы Үсөн Сыдыков, комсомолдун Ош обкомунун биринчи катчысы Аликбек Жекшенкулов баштаган облустук бийлик кыргыз жаштарына тартып Ош шаарына танапташ Ленин атындагы колхоздон өзбектер ээлеп турган 32 гектар пахталуу талааны там салууга бөлөт. Ош, Өзгөн шаарларын өзбектер ээлеп алган. Кыргыз жаштары үй салууга жери жок, өз жеринде кор болуп турушкан. Ал жылдары Бишкекте кыргыз жаштарына жер бөлүп беришип, азыркы жаңы конуштар пайда боло баштаган.

Кыргыздар үчүн эң оор кырдаал 1990-жылы 4-июнда түзүлгөн. Бул күнү Батыштын айдактоосу менен өзбек тарап кыргыздар менен тиреше баштаган. Тирештин аягы бири-бирин өлтүрүүгө, талап-тоноого, зордуктоого алып барган. Ал мезгилде СССРди жоготуу үчүн Батыш жан алакетке түшүп СССРде кандуу кагылыштарды жасап турган. СССР тирүү кезинде Карабах, Алма-Атада Желтоксан окуясы, Тбилициде, Вилньюста, 1989-жылы өзбектер түрк -месхеттерди кубалап кандуу окуялар болуп жаткан. Мындай окуя Кыргызстанды кыйгач өтүп кетет дегичекти Ошто кандуу окуялар болуп кетти.

Кандуу кагылышуулар Кыргызстандын түштүк аймагына жайылып, бир нече күндөн соң ал кездеги КГБнын күчү менен токтотулган. Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Апсамат Масалиев менен Өзбекстан КП БКнын биринчи катчысы Ислам Каримовду Казакстан КП БКнын биринчи катчысы Нурсултан Назарбаев  Алматыга чакырып бул окуяны тынчтык жол менен чечкен.

Ушул Ош окуясына провокациялык боекторду сүйкөп, жайылтуу үчүн Батыш көптөгөн аракеттерди жасаган. Менин бир тууган агам Акылбек Семипалатинск шаары тарапта бал менен жүргөн. Ошонун айтканы бар, кыргыздын улуттук кийимдерин, калпактарын кийип алып казактын айылдарына өзбектер кириптир деп. Алар укурук менен сабап, бир топ нерселерди өрттөп чыгып кетерде колго түшүп калып өзбектер экени билинип калыптыр. Негизи казактар кыргыздарга жан тартып турду деп көп айткан.

СССР убагында эле бул Афганистанда согуш болуп, наркомафия аракетке кире баштаган. Ал мезгилде Афганистанда кайтыш болгондорду табыт менен жөнөтүшчү. Табытты болсо ачууга мүмкүн болчу эмес, ошол цинк табытын ошол бойдон көмчү. Ушул табыттарга баңги заттарын салып коюп, койгондон кийин келип казып кетчү дешет. Афганистандан келе турган апийимдерге наркомафия СССР тарагандан кийин кудай ургандай өсө баштады.

Ошол үчүн наркомафиянын аракети бул Ош кандуу окуяларында жок деп айта албайбыз. СССРди кулатуу үчүн наркомафияга Батыш финансылык жардамдарды аябай берип турган.  Кандуу кагылыштыруу уюштурууга Кремлдин кызыкчылыгы болгон эмес. Себеби, Кыргызстан сыяктуу карамагындагы республикада кайгылуу окуялар болуп жатса Москвага да жаман болгон. Москвага мындай кайгылуу окуянын кереги эмне эле? Нонсенс, кийин Орусияны көздөй Кыргызстандын түштүгүнөн баңги заты агыла баштады. Орусия 2010-жылкы Ош окуясына өтө пассивдүүлүгүн көрсөткөн, ал эми Борбор Азияга жылып келаткан Батыш активдүүлүгүн көрсөткөн.

Криминалдык дүйнөнүн күчү канчалык деңгээлде болгон? Ал кезде горбачевизм заманы бийлик вертикалдуу болгон. Алар кайра курууну жок кылышып, демократия заманын баштайбыз деп күүлөнүп турушкан. Бардыгы  криминалдык күчтөр да СССР жок болорун күтүп калышкан. Кайра куруудан улам радикалдык диний ишенимдер, наркомафия, криминалдык күчтөр баш көтөрүп калышкан. Алар эртеби, кечпи өз алдынча болобуз деп жеңдерин түрүнө баштаган. Ал кездеги горбачевизм өтө алсыз болуп турган.

Орусияда Солженицын, Жириновский башында турган демократиялык күчтөр өз ойлогонун бербей ар нерсени айта баштаган. Александр Солженицындин «Как нам обустроить Россию?»  деген макаласындагы тезистерге көңүл бурсак, ал жаңы Орусияга Украина, Белоруссия жана Казакстанды эле кошкон. Владимир Жириновский болсо Борбор Азия өлкөлөрүнүн барынын кереги жок деп эсептеген. Москва бийлигине ал кезде аймак жана чийки заттар майдай керек болгон. Балким Борбор Азияда хаос болуп турганы горбачевизмге жагып тургандыр. Москва этникалык кагылыш болгон кезде дайыма утушта болот. Анткени эки эл кагылышкан кезде Москвага көз каранды марионет бийлик Москванын гана сөзүн угуп калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости