www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 22-февралдагы жыйынында Эмил Жамгырчиев Бишкекте Горький көчөсүндө жана Ахунбаев-Алматы көчөсүндө эки ботаникалык бак бар экенин эске салып, ботаникалык бакты трансформациялап, президенттин урматына атын берүүнү сунуштады. 

Ал бул туурасында: "Ахунбаев-Алматинкадагы Ботаникалык бактын аянты 100 гектар, Горький көчөсүндөгү 50 гектар. Жалпы 150 гектар жер азыр Илимдер академиясынын балансында. Ботаникалык бакты 60 кызматкер карайт. 20 адам чарба жагына жооптуу. Калган 40ы илимпоздор. Ошондо, 150 гектар жерди болгону 20 адам тейлейт.

Бакчалардын азыркы абалын карагылачы. Керек болсо иттер да барбайт. Жалаң баңгилер, зордуктоо болуп жатат. Балким, Ботаникалык бакчаны улуттук парк кылып, президенттин атын бериш керекпиз? Сөз жашылдандыруу жөнүндө болуп жатат. Мына ушуга көңүл бургула, каражат бөлгүлө”, - деп президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Эл өкүлүнүн сөзүндө жан бар. Каралбай, талкаланып жаткан бакчага президенттин атын берип сактап калсак деген ниети жакшы. Бирок бул жагдайды, айрымдар кошомат катары баалап, "самын" деп сынга алышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости