www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Эмил байке, жакында бизнес-омбудсмен институту түзүлдү. Бул кызмат эмне иш аткарат? Бизге керекпи бул кызмат?

- Менимче, кереги бар. Буга чейин бир топ маселелер ишкерлер менен, инвесторлор менен болгон талаш-тартыштарда көп суроолор ачык бойдон калып жаткан. Биздин сот, тергөө системасынын кандай нукта иш аткарып келишкени белгилүү. Бизнес чөйрөсүндегү талкуулардын негизинде ушундай инстнтуттун керектиги кетерүлүп чыгып, түзүү чечими чыгарылды. Менимче, эң эле ке-минде инвесгорлор үчүн позитив-дуү, жакшы кадам бодчу. Ал эми канчалык деңгээлде конкреттүү иштерди алъш бара алат жана ага кандай ыйгарым укуктар берилет, ал укуктарды канчалык деңгээлде колдоно алат, тажрыйба көрсөтөт.

- Кыргызстанда антикытайлык маанай күчөп, акциялар уюштурулуп жатат. Бул акциялардын артында кимдер турат деп ойлойсуз?

- Суроого эч кандай так жооп жок. Көз көрүнөө нерсеси, акцияларды кызыкдар тараптар уюштурп жатат. Ал күчтөр сырттан болушу да, ички саясий күчтөр болушу да мүмкүн. Бирок, канткенде да өтө опурталдуу, кооптуу от менен ойноп жатьшат. Кыргызстандын туруктуулугу, келечеги үчүн бул өтө чоң коркунуч. Албетте, Кыргызстандын ичинде саясий кыйынчылыкты туудуруу, бийлик үчүн кандайдыр бир чагым чакырыктарды жасоо, менимче, кайсы бир тараптар үчүн пайдалуу болуп жаткансыйт. Бул жагынан органдар, бийлик, өзгөчө президент так көңүл буруу, алдын алуу, отту тутандырбоо үчүн аракет кылыш керек.

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости