www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аида Салянова юстиция министри болуп турган кезинде Елисеевдин ад­вокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деген кине менен аны 5 жылга эркинен ажыраткан. Ал өкүм Салянованын кызы 14 жашка чык­канда күчүнө кирет делген. Анан өлкөгө жаңы бийлик ке­лип, Аида Жеңишбе­ковна да жаңы үмүттөр менен ал иш боюнча Жогорку Сотко кайрылып, бирок жаңы бийлик­тин доорундагы Жогорку сот да Ленин райондук жана Бишкек шаардык со­тунун өкүмдөрүн күчүндө калтырган. Ошондо, 2018-жылдын 22-майындагы Жогорку соттун ошол өкүмү чыккан­дан кийин жаңы келген бийликке на­аразы болгондой элес калтырган Саля­нова саясий горизонттон да, маалымат айдыңынан да көрүнбөй кеткен. Андан кийин «Аида Салянова менен иннова­циялык долбоор» атуу жеке юридика­лык акысыз кызмат көрсөтүү курсун ачып кеткенин бир укканбыз.

Ал кур­стук окуунун мааниси мамлекеттик жана муниципиалдык кызматка багыт алган жана карьералык өсүүгө умтул­ган мекендештерибиз үчүн уюштурул­ганы айтылган. Айтмакчы, ошондой эле жаңы-жылдын алдында болуп өт­көн Текебаевдин айланасында болгон «оюндарда» да анын караанын көрө алган эмес элек. Кечээ жакында, (ушул эле жумада) Жогорку Кеңештин экс-де­путаты Аида Салянова кайрадан масса­лык маалымат айдыңында пайда болду. Анда, А. Салянова «5-каналдын» КЭПх аттуу көрсөтүүсүнө чыгып, экрандан өзүнүн курстук окуусун окуп жаткан­дай элес жаратып, андагы айтылган сөздөрүндө саясий лидер тууралуу ой­го басым жасап «Лидер болуу бул кыз­мат эмес. Лидер болуп адам төрөлбөйт. Лидерлерди чөйрө, шарт, түзүлгөн жаг­дайлар тарбиялайт.

Бирок эң негизги тарбиячы алар өзүлөрү!» деген оюн ай­тып, лидер деген лидердей болуш керек, жөндөмү жетишпесе дүйнөлүк саясий лидерлердин өмүр таржымалын окуп, ошондой улуу мамлекеттик ишмер­лердин турмушунан үлгү алуусу зарыл деген маанайдагы пикирин да айтып өттү. Андагы айтылган ойлордун түп­күлүгүндө мурдагы Башкы прокурор, экс-депутат кимдир бирөөгө, кайсы бир саясатчыга «нааразы» болуп, же кимдир бирөөнүн айынан адашып калган сыя­ктуу ой жараткандай туюм калтырды. Ант­кени менен кыраан юрист айым көп кыр­дуу ошол ойлору ме­нен кимдир бирөөнү катуу чымчып кетке­ни ачык эле байкал­ды. Чын эле Саляно­ва ал ойлору менен кимди «жөөлөп» кет­ти экен, ия?

Булак: "Айгай пресс"

Последние новости