www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль АКШга жүкпү?

АКШнын бүгүнкү күндө дүйнө жүзүн башкарууну көздөгөн глобалдык саясаты үзгүлтүккө учурап, көптөгөн сын пикирлер айтылууда. Анткени бул жалаң гана өз кызыкчылыгын көздөгөн, ошол эле учурда башка мамлекеттерди басмырлап, орду толгус зыяндарды алып келген туура эмес максат болууда.  Бул сөзүбүзгө мисал катары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы жүргүзүп жаткан аракеттерин айтсак болот.  Өзүн демократиянын атасы санаган улуу держава  принципиалдуулуктан тайып, натыйжада согуш отун тутандырып, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылган, өз өлкөсүнөн массалык түрдө качкынга айланган адамдардын көбөйүшүнө алып келген, ал тургай бүтүндөй мамлекетти талкалап жок кылган пландарын ишке ашырып атат. Ошол эле учурда АКШ бийлиги расмий түрдө таанылбаган, баарынан да террордук иштерди жасаган топторду колдоодо же аларды пайда кылууда.

Дүйнөдөгү баардык мамлекеттердин башын бириктирген БУУнун каршы добуш бергендигине карабастан, расмий түрдө мамлекет катары таанылбаган Израилдин борбор шаары деп Кудусту жарыялашы жөнөкөй америкалыктар тарабынан деле колдоого ээ болгон жок.

Ал эми президент Д. Трамптын Сириядан өз аскерлерин чыгарып кетүүгө мажбур болушу бул – анын жеңилиши, туура эмес саясатынын натыйжасы экендигинин далили.

АКШнын Түркия менен соңку мезгилдеги мамилеси тууралуу Анкарадагы Йылдырым Беязит университетинин саясий билимдер факультетинин деканы, профессор Кудрет Бүлбүлдүн баамдоосу төмөндөгүдөй:

Америка тарабынан да террордук уюм деп таанылган РККнын (Күрт Жумушчу Партиясынын) Сириядагы уландысы PYD/YPGге («Демократиялык биримдик» партиясы/Элдик коргонуу отряды) кайра эле Американын ачык колдоо көрсөтүп жатышы туурабы?

Президент Д. Трамп террордук уюм катары саналган PYD/YPGни колдоо менен гана чектелбестен, Түркиянын экономикасын алсыратуу аракетин көрөөрүн айтып эскертти.

Албетте, Түркия АКШнын коркутуусуна моюн сунуп, чек арасында кандайдыр бир террордук уюмдун ээн-эркин аракет кылуусуна  мүмкүнчүлүк бербейт. Түркия ондогон жылдардан бери өзүнө жана жарандарына каршы бардык террордук иш-аракеттерди уюмдун чек арасына жакын аймакта мамлекет болуп түптөлүшүнө мүмкүнчүлүк бербейт. АКШнын ачык түрдө коркутуу аракетине карабастан, Түркиянын негизги максаты – өз аймагындагы террордук уюмдарды жок кылуу болгондуктан, АКШнын бул аракетине каршы ишин улантмакчы. Анткени Түркия өз алдынча саясат жүргүзө алат жана мамлекеттик бүтүндүгүн сактоого, коргоого жөндөмдүү.  Керек болсо АКШ менен бардык карым-катнаштарды кайра карап чыгып, жаңыча мамиле түзүүгө кудурети жетет.  Түркия өз келечеги үчүн ашыкча коркунуч туудурган аракеттерди азыртан ооздуктоо керектигин түшүнүп турат. Эгер АКШ мындай эки жүздүү саясатын токтотпосо, анда карым-катнаштарды токтотуп деле коё алат. Себеби бүгүнкү Түркия мамлекети кайсы бир сырткы күчтөрдүн же болсо кандайдыр бир державанын басмырлоосуна моюн сунуп кала турган алсыз абалда эмес.

АКШнын Жакынкы Чыгышта жүргүзгөн саясаты эмнени көздөйт? Эмне үчүн АКШ Жакынкы Чыгышта демократия принцибинен тайып, керек болсо өзүнө да пайда алып келбеген, тескерисинче орду толгус экономикалык зыян тарткан саясат жүргүзүүдө?

Америкадагы бийликтин Кудус боюнча алган чечиминдей эле Жакынкы Чыгышта жүргүзгөн саясатына катардагы америкалыктардан тышкары, бүткүл дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер менен калайык калк нааразы болуп жатышат. АКШ бийлиги мындай аракети токтобосо Түркия менен саясий карым-катнашы толук токтоп каларын көрүп туруп террордук PKK уюмун тымызын колдоп, Сирияда РККнын уландысы болгон PYD/YPGге ачык эле материалдык жардам берип келүүдө. Ал тургай НАТОго мүчө, союздаш болуп туруп мындай эки жүздүү саясат жүргүзүшү, бул Түркияга арттан бычак ургандай эле болууда.

Бир колу менен террорчулукка каршы күрөшкөн түр көрсөтүп, ошол эле учурда экинчи колу террорчуларга курал-жарак акча берүүдө. АКШ бул бузуку, эки жүздүү иштерди  эмне себептен жасап жатат?

АКШнын кош стандарттуу саясатына байкоо жүргүзсөк, аймакта жалпысынан Израилди колдоо үчүн гана  ушундай аракеттер жасалып жаткандыгы байкалат. АКШ Израиль тууралуу саясатында ал тургай өз кызыкчылыгын да унутуп койгондой.  Бирок иш жүзүндө Израилге деле, сионисттик режимге зыян келтирип, мамлекет катары келечекте таанылуусуна балта чабууда.

АКШ Жакынкы Чыгыштагы бул союздашын сактап калуу үчүн миллиарддаган доллар чыгашага учурап жатат.  Керек болсо БУУ жана башка эл аралык уюмдарда кадыр-баркын жоготуп, кабыл алынган резолюция, чечимдерге каршы иш жасоодо.

Мындай өкүмзордукка бүтүндөй адамзат каршы чыгууда. Анткени Израилдин баскынчылык жана канкордук  саясатын эч кандай эларалык эреже же жобого таянбай туруп АКШ тарабынан колдоого алынышы тарыхта жазылып калгандан тышкары АКШга карата дүйнө элинин жек көрүү сезимин күчөтүп жаткандыгы талашсыз.

Аймактагы мамлекеттердин менен элдердин каршы болгондугуна карабастан,  Жакынкы Чыгышта бир гана Израилдин кызыкчылыгын көздөгөн  саясаттын жүргүзүлүшү, ал тургай коркутуп-үркүтүүлөр, курал-жарактын “тили” менен сүйлөшүү сыяктуу агрессия эртеби-кечпи аягына чыкпай койбойт.

Ошол эле учурда АКШга таянган Израиль бийлиги Палестина элине карата геноцид саясатын жүргүзүп, күндөн-күнгө алардын жерлерин басып алууда жана мамлекет катары жок кылуу аракетин жасоодо.

Израилге берилген чексиз колдоонун айынан Израилдин чектен чыккан кол салуулары жана акылга сыйбаган ырайымсыздык аракеттери улам күчөп баратат. Дүйнөлүк практикада далилденгендей, расизм эч качан түбөлүк жашабайт жана эртеби-кечпи кулап, өз жазасын алат.

АКШнын Израилге шартсыз колдоосу негизинен Израилдин коопсуздугуна да салым кошкон эмес, коопсуздук коркунучун дагы да тереңдеткен убактылуу гана саясат болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости