www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элге татыктуу жашоону камсыздай албай атканы, чыр-чатактардын башталышына себепчи болгону үчүн Абылгазиевдин өкмөтү жаздагы саясый кризистин кесепетинен отставкага кетиши мүмкүн. Бул боюнча белгилүү эксперттер, саясатчылар айта башташты. Өкмөттүн кемчиликтери өтө көп, ошол эле экономикалык көрсөткүчтөрдүн начардыгы, социалдык көйгөйлөр жана жаңы кодекстердин элдин талабына шайкеш келбегени, айтор, бийлик менен элдин ортосунда кыйла келишпестикер жаралды.

Ошентип, өкмөттүн кетиши менен парламениттик да ыдырашы боюнча маалыматтар бар. Эл ичинде депутаттардын беш-алтооно гана ыраазычылык болбосо, калгандары өз көмөчүнө күл тарткандар катары сыпатталып атканы жалганбы? Буга чейин коммерсанттар, коррупцияга шектүүлөрдүн отурушканы боюнча да ЖМКларда талкуулар жаралып келди го? Сыягы, элдин сынына кабылган өкмөт жазда кетип, андан соң эл өкүлдерүн да таратууга негиз түзүлүшү ыктымал. Саясый кырдаалдын чыңалуусу ошого бараткан жокпу?

Жыйынтыгында, күздө Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалса, мындай кадам менен ирапды элди алаксытуу негиз түзүлүп, бийликтин кайсы бир деңгээлде тазаланышына жол ачылат эле, туурабы?

Булак: "Азия Ньюс"  

Последние новости