www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Учурда Вице-премьер Сурабалдиеванын комиссиясынын иши жана анын жыйынтыктары боюнча бир топ эле кайчы пикирлер, талаш-тартыштар боло баштады. Негизи бул Комиссиянын ишине анча ишеним жоктой азыр... Маселе өтө оор... Көптөгөн боордошторубуздан айрылдык... Азыр дагы жашообуз бир калыпка түшө элек, ковид вирусу улам-улам күч алып, кайра бастагансып, үрөйдү учуруп турган мезгили”, - деди саясатчы, Эмилбек Каптагаев өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады.
Ага кошумча, “Комиссия жана анын иши бирөөлөрдү күнөөлөп, кайсы бирин жазалоо үчүн эмес, болгон окуядан сабак алып, мындай масштабдуу эпидемияга каршы күрөшүү үчүн эффективдүү медициналык жана коомдук түзүмдөрдү даярдоо болгондон кийин Жогорку Кеңештин же Президенттин чечими менен УЛУТТУК деңгээлдеги комиссия түзүлүп, тыянактар чыгарылса максатка ылайык болмок. Мен мындай демилгени өткөн жылдын июль айында көтөрдүм эле. Комиссиянын курамы дагы, анын иликтөө методикасы дагы эч кандай күмөн санаттырбашы зарыл, коомчулуктун ишенимин жараткандай курам болуусу шарт, тыянактары ынанымдуу, сунуштары колдоо таба тургандай жана аткарууга мүмкүн болгондой болуусу дагы шарт”, - дейт Каптагаев.
Булак: NazarNews.kg