www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстандын авторитети өтө эле чоң опур-топур маараке өткөргөндөн же каражат үнөмдөгөндөн өзгөрбөйт”, - деди бүгүн, 24-январда NazarNews.kg маалымат агенттигине саясатчы Ташболот Балтабаев.
-Ташболот мырза, президент Садыр Жапаров стереотиптерди жана шаблондорду өзгөртүп, инагурацияда ашыкча чыгымдан баш тартты. Каражатты үнөмдөйм деген аракетинен эми инагурация жупуну өтүп, эл аралык нормаларга жооп бербей калбайбы?
-Кыргызстандын авторитети өтө эле чоң опур-топур маараке өткөргөндөн же каражат үнөмдөгөндөн өзгөрбөйт. Ал турсун андай мааракелер мамлекетибиздин авторитетине таасир да бербейт. Кыргызстандын авторитети экономика өнүгүү жолуна түшсө, билим, илим, маданият өнүксө гана өзгөрөт.
Кыргызстанда мыйзамсыз үч жолу төңкөрүш болуп, төңкөрүш жолу менен бийликке келүү адатка айланып калды. Мына ушулардын баары Кыргызстандын авторитетин эл аралык деңгээлде кетирип жаткан факторлор. Садыр Жапаров мурункулардай эле тойлорду берип, жолдорду жаап баштаса, бүгүнкү элдин ишенимине балта чабат. Ал ошону сезип ашыкча чыгымдардан баш тартып, жолду жабууга тыюу салды. Октябрда болуп өткөн төңкөрүш жана андан кийин болуп өткөн шайлоо чоң салтанат менен президенттин жумушка киришине шарт түзбөсүн сезип, Садыр Жапаров элге жупуну көрүнөйүн, жөнөкөй болоюн жыйнаган авторитетимди төгүп, элдин ишенимин кетирип албайын деген максатта иш кыла баштады.
-Рахмат.
Булак: NazarNews.kg