www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Р. Т. Эрдоган Түркия Республикасынын курулушунун 100 жылдыгы боло турган 2023 - жылга чейин жер астындагы 150 дамбаны бүтүрүүнү максат кылышкандарын айтты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында Диярбакыр - Силван дамбасын толтуруу, Эргани дамбасы, Башлар дамбасы жана Эргани ичүүгө боло турган сууну тазалоо комплексинин ачылуу аземине түз байланыш аркылуу катышты.
Аземде сүйлөгөн сөзүндө булактарды түшүмдүү колдонуунун маанисине токтолгон Эрдоган: "Азыр да улантылып жаткан иштер менен 2023 - жылга чейин жер астындагы 150 дамбаны бүткөрүүнү максат кылуудабыз»,- деди.
Силван дамбасынын алдыбыздагы жылдын акырына чейин бүткөрүүнү жана суу толтура баштоону пландашкандарын баса белгилеген Эрдоган: «Буйруса Диярбакырда суугарылбаган бир карыш жер калбайт. Силван долбоору төрттөн үч бөлүгү бүткөн Силван дамбасы менен бирге 8 башка дамбасы жана 23 суугаруу комплексинин ичиндеги 2 миллион 360 000 декардык аянтты суугара турган чоң долбоор»,- деди.
Эрдоган: «Эргани суу сактагычы 14, 5 миллион метр кубдук сактоо көлөмгө ээ, 19 000 декарга жакын аянтты суугарат, 2500 кишини жумуш менен камсыз кыла турган долбоор»,- деди.
Эрдоган эзелтен бери эле аймактын илим жана билимдин уясы, цивилизация жана бейпилдиктин каалгасы болгон Диярбакырдын бул жаңы мезгилде да Түркиянын алдыңкы шаарларынын бири болууну улантарын айтты.