www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Улуттук гвардиясынын жети миңдей жоокери өлкөнүн борбор калаасында март айынын ортосуна чейин калат. Бул тууралуу ишемби күнү журналисттерге гвардия башчысы Дэниел Хокансон билдирди.

Анын айтымында, аскерлер федералдык күч түзүмдөрүнө башаламандык коркунучун жоюуга жардам берүү үчүн Вашингтондо дагы болжол менен жети апта болушат. Генерал белгилегендей, аскерлердин саны кырдаалга жараша өзгөрүшү ыктымал.

“Эй-би-си” телекомпаниясы билдиргендей, АКШнын атайын кызматында америкалык экстремисттик топтор Вашингтондо башаламандык уюштурушу ыктымалдыгы тууралуу маалымат бар.

20-январда Кошмо Штаттардын жаңы президенти Джо Байдендин инаугурациясында коопсуздукту сактоо максатында Вашингтонго 25 миңдей гвардиячы тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости